Шашылыш кабар:

Мянманын премьер министри Нобель сыйлыгын кайтарбайт

Октябрь 2nd, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Мянманын премьер министри Нобель сыйлыгын кайтарбайт
Дүйнө кабарлары
0

 

Мьянманын Ракхайн облусундагы рохинжа мусулмандарына кыргын үчүн айыпталган премьер-министр Аун Сан Су Чжи 1991-жылы алган Нобель сыйлыгын кайтарып бербейт. Мындай маалыматты Нобель комитетинин президенти Ларс Хайкенштен журналисттерге берген маегинде билдирди.

Аун Сан Су Чжи жетектеген Мьянма куралдуу күчтөрү өткөн жылдын август айында өлкөнүн батыш тарабында жайгашкан Аракан провинциясындагы рохинжа мусулмандарын айылдарынан курал менен сүрүп чыгышкан. Ошондой эле өздөрүн ар кандай жол менен өлтүрүп, айылдарын  өрттөп жок кылып кетишкен. Натыйжада, кыргындан аман калып качкан 700 000 рохинжа коңшу Бангладеште баш калкалап, азыркыга чейин ошол жерде качкындар лагеринде күн көрүшүүдө.

Аймактагы жагдайды иликтөөгө алууга эл аралык адам укугун коргоо боюнча уюмдарга Мьянма бийлиги уруксат берген эмес. Reuters эл аралык маалымат агенттигинин эки журналисти Аракандагы кандуу кыргынды чагылдырганы үчүн камакка алынып, аларды бошотуу боюнча БУУнун Коопсуздук комитетинин да иштери натыйжасыз калууда.

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Аракандагы окуяны этностук тазалоо, диний азчылыкка карата зомбулук жана геноцид  деп баалап, Мьянма бийлигинен токтотууну жана Ракхайн аймагын кайрадан өз ээлерине берүүнү талап кылып келет.

Бирок премьер министр Аун Сан Су жогорудагы айыптоолорду моюнуна албай:

“Биздин аскерлер козголоңчуларга каршы коргонуу аракетин гана көрдү. Массалык жан кыюулар болгон эмес”,-деп актанууда.

Аун Сан Судан тынчтык үчүн салымына алган Нобель сыйлыгын кайтарып алуу боюнча эл аралык коомчулуктун талабына Норвегиядагы Нобель комитетинин президенти Ларс Хайкенштен төмөнкүчө жооп берди:

Ооба, адамзатка каршы жасалган мындай кылмышка ал жооптуу. Нобелдин лауреатынын мындай кылыгы абдан өкүнүчтүү. Бирок сыйлыкты кайтарып албайбыз. Себеби бул биздин эрежебизде каралган эмес. Сыйлык берилгенден кийинки ээсинин иш аракеттерин биз көзөмөлдөбөйбүз”.

Хайкенштендин пикиринде Нобель сыйлыгын кайтарып алуунун эч кандай мааниси жок. Бул кадам учурдагы жагдайды өзгөртпөйт.

Эскерте кетсек, Аун Сан Су Чжи Нобелди 1991-жылы өлкөгө демократиянын курулуусуна кошкон салымы үчүн алган. Бул жылкы тынчтык үчүн Нобель сыйлыгынын ээси ушул жуманын соңунда белгилүү болот.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache