Шашылыш кабар:

«Амазон» компаниясы кызматкерлеринин айлыгын көтөрөт

Октябрь 2nd, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
«Амазон» компаниясы кызматкерлеринин айлыгын көтөрөт
Дүйнө кабарлары
0

Интернет айдыңындагы соода-сатык боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган «Амазон» компаниясы бардык кызматкерлерине саатына 15 доллардан айлык акы бере баштайт. Бул тууралуу компаниянын расмий сайты билдирүү таратты.

Ага ылайык, 1-ноябрдан тарта компаниянын толук режимде, жарым күндүк режимде жана сезондук режимде иштеген 250 000 жумушчусу сааттык эмгек акысын 15 доллардан ала баштайт.

Бул кадам АКШда бардык шаарларда башталган «15ке жетүү» демилгеси менен ишке ашууда. «Амазондон» сырткары дагы «Таргет Корп» компаниясы кызматкерлеринин акысын саатына 11 долларга көтөрүп, 2020-жылы 15ке чыгаруу ниетин билдирген. Ошондой эле «Волмарт» ишканасы дагы эмгек акыны саатына 11 долларга көтөргөндөрдүн катарында.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache