Шашылыш кабар:

Нобель сыйлыгынын 55 жылдан бери биринчи жолку аял лауреаты

Октябрь 2nd, 2018 | by Гүлшайыр Бакирова
Нобель сыйлыгынын 55 жылдан бери биринчи жолку аял  лауреаты
Дүйнө кабарлары
0

Канадалык физик Донна Стрикланд физика боюнча Нобель сыйлыгын алган үчүнчү аял болду. Буга чейин бул сыйлыкты 1903-жылы Мари Кури алган болсо, 1963-жылы Мария Гьеперт-Майер жеңген. Ошондон бери 55 жыл бою аталган сыйлык жалаң гана эркек физиктерге ыйгарылып келген. Мындай маалыматты Ослодогу Нобель комитети жарыялады.

Дона Стрикланд бул жылкы сыйлыкты илимий ишинде шериктеш болгон америкалык Артур Ашкин жана француз Жерард Мороу менен бөлүшөт. Булар бул ардактуу сыйлыкка лазердик физика тармагындагы жетишкен ийгиликтери үчүн татыды.  Стрикланддын ачылышы лазердик хирургия үчүн абдан маанилүү экени айтылууда.

Аталган сыйлыктын суммасы 9 милион швед кронасы же 998,618 АКШ долларын түзөт.

2018-жылдагы Нобелдин ээлери ушул жума сыйланышат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache