Шашылыш кабар:

Таалайгүл Исакунова жана орун басары суракка чакырылды

Октябрь 2nd, 2018 | by Бахар Хакимова
Таалайгүл Исакунова жана орун басары суракка чакырылды
Кыска кабар
0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова менен анын орун басары Лунара Мамытова Башкы прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу Лунара Мамытова өзүнүн фейсбук баракчасында түз эфир учурунда билдирди. Бирок ал видеону көрүү мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон.

Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан да тастыкташты. Исакунова менен Мамытова дипломаттык паспортторду колдонуу жана мамлекеттик каражаттын эсебинен чет жакка чыгууну текшерүүнүн алкагында чакырылган.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутат Аида Касымалиева аталган министрликтин жетекчилиги дипломаттык паспортторду колдонуп, чет жактарга чыгышканын айтып чыккан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache